• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт дары каражаттарын жана почта жөнөтмөлөрүн ташууга чектөө киргизген эмес

Өкмөт 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет өлкөлөрдөн жеке тапшырык боюнча дарыларды жана башка жөнөтмөлөрдү жеткирүүгө чектөө киргизгени тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматка тийиштүү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет жактардан жеке тапшырык боюнча дары каражаттарын жана башка жөнөтмөлөрдү жеткирүүгө эч кандай чектөө киргизген эмес. Ушул сыяктуу чектөөлөр тууралуу социалдык тармактарда жайылган маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Пикир

Оставить комментарий