• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт: Дарыгерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-апрелинен тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, КР өкмөтүнүн аталган чечими президенттин «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Саламаттык сактоо тутумунун башка категориядагы кызматкерлери үчүн эмгек акысы 2021-жылдын 1-июлунан тарта – 50%га, ал эми техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин айлык акысы 40%га жогорулатылат.

Пикир

Оставить комментарий