• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт Дейрес айылынын жанындагы инженердик-техникалык курулуштун орнотулушуна байланыштуу түшүндүрмө берди

Өкмөт 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад областынын Аксы районунун Авлетим айыл округунун Дейрес айылынын тургундарынын Өзбекстан Республикасынын аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик-техникалык курулушту орнотуу боюнча иш жүргүзүүнү баштагандыгы тууралуу маалыматына тийиштүү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атайын өкүлчүлүгүнүн катчылыгы төмөнкүлөрдү билдирет.

"Аталган тилке 2027-жылдын 5-сентябрдагы Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы макулдашууларга ылайык, делимитация процедурасынан өткөн. Буга байланыштуу аталган тилкедеги инженердик иштердин жүргүзүлүшү аймактын бүтүндүгүн бузууга жатпайт. Макулдашууга ылайык, өзбек тараптын пландаштырылып жаткан инженердик иштери Өзбекстан Республикасынын аймагында 10 метрден 30 метрге дейре жүргүзүлөт.

Мамлекеттик орган өкүлдөрү жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында Аксы районунун Авлетим айыл округунун Дейрес айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү, анда түзүлгөн кырдаалга түшүндүрмө берилген.

Белгилесек, калкка маалыматтык-түшүндүрүү иштери мындан ары карай да үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүлөт. Учурда айылдагы абал туруктуу".

Пикир

Оставить комментарий