• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт: Депутат Акаевдин премьер-министрдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз

Өкмөт 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Депутат Жанар Акаевдин премьер-министр М.Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

"Териштирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынат. Зарыл болгон учурда премьер-министр жана Өкмөттүн өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин жагдайын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө кызыкчылыгына түшүндүрмө берүүгө даяр", - деп айтыла өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий