• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт экспортолуучу продукцияларды стандартизация жана сертификациялоо маселеси боюнча маалыматтык компанияны күчөтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экспортолуучу азыктарды стандартизация жана сертификациялоо маселеси, 2017-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кире турган ЕврАзЭСтин 18 техникалык регламенти жана ХАСПП принциптерин киргизүү боюнча маалыматтык иштери жүргүзүлүп жатат», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын кароосуна киргизгенде. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«ЕврАзЭСтин алкагында жаңы рыноктордун бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу максатында экономиканын тармактары үчүн ортодогу инфраструктураны түзүү зарыл. Бул үчүн 2017-жылы “Текстиль-тигүү өндүрүшү үчүн “Технополис” долбоорун ишке киргизүү боюнча иштер улантылат. Бул маселе төрт жылдан бери бир орундан жылбай турган. Отчёттук жыл ичинде биз Военно-Антоновка айылынан жер бөлүп берүү башкы маселесин чечүүгө жетиштик. Мындан сырткары Өкмөт тарабынан 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүү Концепциясы кабыл алынды.Бул багытты колдоо үчүн Токмокто “Текстиль-Транс” ишканасы ишке киргизилди. Кара-Балта шаарында 35 млн АКШ долларлык Деңиз-текстиль фабрикасынын курулушу башталды», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий