• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өкмөт: Эл аралык финансы институттарынан алынган жардамдар сарамжалдуу пайдаланылууда

Өкмөт 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эл аралык каржы институттарынан келген тышкы жардамдардын пайдаланылышы боюнча маалымат айдыңында айтылган сынга дагы бир жолу түшүндүрмө берет.

Жалпысынан COVID-19 пандемиясы башталган учурдан тартып ушул күнгө чейин эл аралык донорлордон 334 миллион АКШ доллары келип түштү. Анын ичинен 205 млн АКШ доллары колдонулду. Тактап айтканда, пандемияга каршы күрөшүү боюнча чыгымдарга 27 млн долларга жакын каражат; карантин маалында калктын аярлуу катмарына азык-түлүк сатып алуу үчүн; азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында буудай сатып алуу үчүн; ошондой эле каражаттын бир бөлүгү социалдык төлөмдөрдү: пенсия, айлык акы, жөлөк пулдарды ж.б. төлөөгө пайдаланылды. Калган 129 млн АКШ доллары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсебинде.

Бул жерде өлкөнүн тышкы карызынын миллиард долларга көбөйүшү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.

Шашылыш түрдө 100 миллион доллар берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо процесси боюнча айыптоолорго токтолсок, бул жерде Эл аралык валюта фондунан алынган насыя деп айтылууда. Бирок бул кредит эмес экендигин белгилейбиз. Аталган каражатты Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду бөлгөн. Ресурсту алуу жөнүндө сүйлөшүү февраль айында эле башталып, 2020-жылдын апрель айында жактырылган. Ошондой эле бул каражаттарды пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жазылган.

Каражаттар 2020-жылдын 11-августунда кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Евразия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясы шартында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан финансылык насыя берүү жөнүндө» Макулдашуунун негизинде берилүүдө. Ушул макулдашуунун насыялык бөлүгү Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун шарттарында каралган. Тагыраак айтканда, насыянын төлөө мөөнөтү 20 жылды түзөт, анын 10 жылы – бул 1 % жылдык жеңилдетилген мезгил.

Насыянын каражаттары төмөнкү чыгымдарды каржылоого жумшалат:

- калктуу конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорго;

- авариялык абалдагы мектептерди капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө жана курулуш иштерин аяктоого;

- ооруканаларды капиталдык оңдоо жана куруу, медициналык жабдуулар жана каражаттар менен камсыз кылууга;

- ирригация боюнча долбоорлорго;

- жолдорду капиталдык оңдоо, куруу жана калыбына келтирүүгө;

- «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасын ишке ашырууга.

Пикир

Оставить комментарий