• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Өкмөт электр энергетикасы жөнүндө мыйзам долбоорунун корутундусун тездетиши керек болчу - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.02.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети өлкөнүн электр энергетикасы тармагын жөнгө салуу чараларын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоорун экинчи окууда жактырды. Демилгечилер – депутаттар тобу.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоорун экинчи окуу жүрүшүндө Өкмөт тарабынан берилген 48 сунуштун 37 сунушу эске алынганын эске салган тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев 11 сунушка ынанымдуу жүйө келтирилбегендиктен кабыл алынбай калганын белгиледи. «Тилекке каршы, Өкмөттүн мыйзам долбоору боюнча корутундусу өтө кечигип келди, тездетиш керек болчу. Энергетика тармагында түзүлгөн азыркы кырдаалды өзүӊөр көрүп турасыӊар, ишти илгерилетпесек болбойт», - деди ал.

Андан тышкары, мыйзам долбоорунда өлкөнүн электр энергетикасы тармагындагы экономикалык жана технологиялык мамилелердин жаӊы укуктук негиздери, ал мамилелердин саясатын иштеп чыгуу жана жөнгө салуу чаралары, электр жана жылуулук кубатын өндүрүү, жеткирүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо жол-жоболору камтылганы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий