• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өкмөт электр энергиясынын баасын көтөрүүнү пландаштырган жок

Өкмөт 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Электр энергиянын баасын өзгөртүү маселеси күн тартибинде жок. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине КР премьер-министринин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев кабарлады.

Анын айтымында, жарандар энергетика чөйрөсүнүн абалы жана ал чөйрөдөгү көйгөйлөр тууралуу кабардар.

“Өкмөт өз кезегинде электр энергиясынын тарифи сыяктуу коомдо мааниси чоң маселелерди ачык-айкын талкуулоону туура көрөт”, - дейт ал.

“Электр энергиясынын баасын өзгөртүү маселеси көптөн бери талкууланып келет, бирок премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетиктерге жоготууларды, чыгашаларды жана коррупцияны жок кылуу тапшырмасын койгон. Алар бул чөйрөдө активдүү иш жүргүзүп, натыйжалуу жыйынтыктарды көрсөтүүлөрү керек”, - деп белгиледи Султаналиев.

Ал өкмөттө учурда тартыштыкка кабылган энергетика системасын өнүктүрүү жана энергетика муктаждыктарын жоюуга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча объективдүү түшүнүк бар экендигин айтты.

“Ошону менен бирге Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика чөйрөсүнүн тарифтик саясаты түшүнүктүү болушу керек деп эсептейт. Азыркы учурда энергетиканын баасын көтөрүү маселеси күн тартибинде жок”, - деди ал.

“Премьер-министрдин буйругу менен азыркы тапта энергетика системасынын кызматкерлери күз-кыш мезгилин туруктуу жана өчүрүүлөрсүз өткөрүүнү камсыз кылууга бардык күчтөрүн жумшоодо”, - деп кабарлады Султаналиев.

Пикир

Оставить комментарий