• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт футбол боюнча курама командага 2 млн сомдук сертификат тапшырды

Коом 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Ала-Тоо аянтында Азия Кубогуна катышып, Бириккен Араб Эмираттарынан келген футболчуларды тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү.

Ага катышкан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз футболчулары жогорку деңгээлдеги оюн көрсөткөнүн айтып, улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининге 2 млн сомдук сертификат тапшырды.

Абылгазиев футболчуларды куттуктап сөз сүйлөп атканда, бул иш-чарага чогулган эки миңге жакын күйөрмандар "стадион, стадион" деп кыйкырып турушту.

Өкмөт башча өз учурунда "стадион болот" деп жооп берип, жакында ал боюнча чечим кабыл алынат, деп кошумчалады.

Премьер-министр аймактарда футбол талааларын курууну күчөтөбүз деп, Кыргызстанда дагы Роналду, Месси, Лукаку, Рэшфорд сыяктуу футболчулар чыгарына ишенерин билдирди

Белгилей кетсек, Александр Крестинин баш болгон КРнын футбол курамасы бүгүн "Манас" аэропортуна учуп келишип, күйөрмандар аларды шаңдуу маанайда, добулбастын коштоосунда тосуп алышкан.

Ошондой эле курама команда менен президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуп, сыйлыктарды тапшырган.

Эскерте кетсек, футбол боюнча курама команда Азия Кубогуна катышып, 1/8 финалына чыга алышкан.

Чейрек финалга өтүү үчүн алар Бириккен Араб Эмираттары менен ойноп 2:3 эсебинде утулуп калышты.

Бирок ошол беттеш кыргызстандык күйөрмандардын купулуна толуп, кураманын жеңишке умтулуусу мекендештердин сыймыктануу, суктануу сезимдерин жаратты.

Пикир

Оставить комментарий