• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт: I кварталдын жыйынтыгы боюнча жарандардан 1468 кайрылуу келип түштү

Өкмөт 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. 2019-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жарандардан 1147 жазуу жүзүндө жана 321 оозеки кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан - 185 (16,80 %);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 194 (17,62 %);

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасынан – 171 (15,53 %);

- электрондук кайрылуулар – 172 (15,62 %);

- КМШ мүчө-мамлекеттеринен жана алыскы чет өлкөдөн – 2 (0,18 %).

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасында жеке маселе боюнча 31 жаран кабыл алынган, анын ичинде жетекчилик тарабынан 14 адам кабыл алынган.

Кайрылуулар республиканын баардык региондорунан келип түшкөнүн белгилөө зарыл. Келип түшкөн арыздардын, даттануулардын жана сунуштардын саны төмөнкүдөй көрсөтүлгөн:

- Бишкек шаары - 432 (39,14 %);

- Чүй облусу - 181 (16,44 %);

- Жалал-Абад облусу - 142 (12,89 %);

- Ош облусу - 76 (6,90 %);

- Ысык-Көл облусу - 70 (6,36 %);

- Нарын облусу - 60 (5,45 %);

- Баткен облусу - 60 (5,45 %);

- Ош шаары - 44 (3,99 %);

- Талас облусу - 35 (3,18 %).

Кайрылуу ээлеринин негизги контингентин карылар, пенсия курагындагы жана башка социалдык корголбогон жарандардын категориясы түзөт. Авторлор тарабынан козголгон темалар өтө кеңири, каттарда камтылбаган дээрлик бир дагы жашоо чөйрөсү жок.

Жалпы кайрылуулар арасынан сегиз негизги топту бөлүп көрсөтүүгө болот, анын ичинде:

- социалдык кызматтардын иши, пенсиялар, жеңилдиктер, жөлөкпул жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуулар - 93 (8,44 %);

- билим берүү жана илим маселелери - 91 (8,26 %);

- агро өнөр жай комплекси маселелери – 90 (8,17 %);

- турак жай маселелери - 89 (8,08 %);

- кадрлар, эмгектик талаштар жана айлык акы маселелери – 67 (6,08 %);

- курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба – 56 (5,08 %);

- жергиликтүү бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маселелери – 53 (4,81 %);

- КР ИИМ маселелери - 51 (4,63 %).

Жарандардын айрым кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана ведомстволорунда кайрылуу ээлери көтөргөн маселелерди талдоо жана келтирилген фактыларды текшерүү үчүн жумушчу топтор түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий