• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөт үйүндө премьер-министрдин жаңыланган коомдук кабылдамасы ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Өкмөт үйүндө премьер-министрдин жаңыланган Коомдук кабылдамасынын ачылышы өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Салтанатка өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев жана Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгү – 2-фаза» программасынын өкүлү Стефанос Кареклас катышкан.

Өкмөттүн аппарат жетекчиси өз сөзүндө Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө аракеттешүү – 2-фаза» долбоорун иштеп чыгууда, Кыргызстанда адамдардын жана жарандык укуктарды коргоо жаатында көрсөткөн колдоосу, ошондой эле өкмөттүн аппараты менен тыгыз кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирген.

«Анын ичинде көрсөтүлгөн техникалык колдоо жана өлкөнүн мамлекеттик органдарына жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүн биз силер менен биргеликте 23-июнь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнүн алдында премьер-министрдин модернизацияланган коомдук кабылдамасын ачып жатабыз. Бул символикалык мүнөзгө ээ жана Программанын алкагында алынган техникалык жабдуулар өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери тарабынан күнүмдүк иште колдонулуп, жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн сапатын кыйла жогорулатат деп ойлойм. Ал эми жаңы коомдук кабылдама республиканын жарандарына укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүүнү жакшыртат», – деди Самат Кылжыев.

Ошону менен бирге өкмөттүн аппарат жетекчиси белгилегендей, Кыргыз Республикасынын президентинин аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча Жарлыгын ишке ашыруу максатында жаңыланган www.kattar.kg электрондук порталын ишке киргизүү жарандардын республиканын аймактарынын жашоочуларынын мамлекеттик органдарга кайрылуулары боюнча мүмкүндүктөрүн жогорулатат. Муну менен өтүнмөлөргө жооп берүү ыкчам жүрүп, алардын аткарылышын көзөмөлдөө мүмкүн болот.

Өз кезегинде Европа биримдигинин өкүлү Стефанос Кареклас премьер-министрдин жаңыланган коомдук кабылдамасынын ачылышын канааттануу менен белгилеп, «эми ал өлкө калкынын көп бөлүгүнө жеткиликтүү» болуп калганын ырастады.

Жыйынтыгында өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев Европа биримдигинин укук үстөмдүгүн күчөтүү, Кыргыз Республикасында демократиялык принциптерди жана мыйзамдуулукту бекемдөө программасы менен мындан ары карай кызматташууга ишеним билдирген.

Маалымдама: Европа биримдиги тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгү – 2-фаза» Программасы «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө аракеттешүү – 2-фаза» Долбоорунун уландысы.

Бюджети: 13,8 млн евро.

Донору: Европа биримдиги жана Кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ).

Пикир

Оставить комментарий