• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт ипотекалык программаны каржылоого 500 млн сом бөлдү

Коом 0

Бишкек. 21.05.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 000 000 (беш жүз миллион) сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчыга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердиги тууралуу маалымат берилди.

Абылгазиев белгилегендей, ипотекалык программа ишке киргенден тартып Өкмөт тарабынан аны каржылоого 4,8 млрд сомдон ашуун бөлүнгөн. Ипотекалык насыя боюнча пайыздык үстөктөр бул мезгилде 12-14%дан 7-9%га чейин төмөндөгөн.

«Бүгүн биз ипотекалык насыяны каржылоого 500 000 000 млн сом бөлүп жатабыз. Өкмөт биздин жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо боюнча күч-аракеттерди дайыма колдоп келет жана муну өз ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайт. Бирок мүмкүндүктөрдү жана калкты камтууну кеңейтүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттен тышкары кошумча ресурстарды тартуунун натыйжалуу механизмдерин киргизүүсү зарыл. Миңдеген биздин жарандар турак жай алуу жана үй шарттарын жакшыртуу үчүн өз кезегин күтүп жатышат. Биз ипотеканы жарандарыбыз үчүн мындан да жеткиликтүү жана пайдалуу кылууга тийишпиз. Себеби алар али да кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан ипотека боюнча пайыздык үстөктү 6% чейин кыскартуу тапшырмасы коюлган, анткени учурдагы шарттар боюнча төлөө бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн оор болуп турат. Күзгө чейин Өкмөт бул максатка жетет», - деп баса көрсөттү Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, Мамлекеттик ипотекалык компания жарандардын ишеничин толук кандуу актоо жана аларды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо үчүн Өкмөттүн саясатын так жана толук түрдө ишке ашырууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий