• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өкмөт: «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасы бекитилди. Тиешелүү токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Бул программаны ишке ашыруу экономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыздоого, ишкердик субъекттерин коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоого багытталган.

«Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасынын алкагындагы артыкчылыктуу бизнес-секторлор төмөнкүдөй факторлорду эске алуу менен аныкталды:

- жумушсуздардын саны өсүп жана эмгек мигранттары кайтып келип жаткан шартта жумуш орундарын сактап калуу жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү;

- өлкөнүн ИДПсынын өсүүсүнө мүмкүн болушунча чоң салым кошуу үчүн экономикалык жактан натыйжалуу бизнес-чөйрөлөргө колдоо көрсөтүү;

- экономикалык иштин башка түрлөрүн өнүктүрүүгө мультипликативдик таасирин тийгизген бизнес-чөйрөлөргө колдоо көрсөтүү;

- экспортко багытталган ишканаларды колдоого алуу;

- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу зарылчылыгы;

- калкты жана саламаттык сактоо системасын коргоочу каражаттар жана ички өндүрүштөгү кыйла зарыл болгон медициналык дары-дармектер менен камсыз кылуу.

«Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасынын алкагында төмөнкү багыттар боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу ишке ашырылат:

- туризм;

- жеңил өнөр жайы;

- фармацевттик өнөр жай;

- жүк ташуулар;

- өндүрүштүк жана кайра иштетүү өнөр жайлары, агроөнөржай комплекси ишканаларын кошо алганда;

- кайра иштетүү өндүрүшү, тоо-кен өндүрүшүнөн тышкары.

Салыктык башкарууну санариптештирүүнү киргизүү максатында жеңилдетилген кредиттер салыктык жол-жоболорду санариптештирүү компоненттерин (электрондук эсеп-фактуралар, ККМ, товарларды маркировкалоо) колдонгон кичи жана орто ишкерлик субъекттерине, тармактар боюнча, биринчи кезекте, тейлөө көрсөтүү жана чекене тармагына, чектөөсүз берилет.

Мындан тышкары, өнөр жай, иштетүү, кайра иштетүү ишканалары үчүн кредиттерди кайра каржылоо жана каржылоосу күрөөсүз негизде жүргүзүлчү кичи ишкердикти колдоого алуу каралууда.

Коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар керектөөчү кредиттерден тышкары, кичи ишкерликти тармактар боюнча чектөөсүз түрдө күрөөсүз негизде насыялайт.

«Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасынын алкагында кредиттик продуктулардын төмөнкү түрлөрү каралган:

1. Негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо (негизги каражаттарга)

Насыялоо багытары:

- туризм, мында туризм тармагындагы насыялоо туристтик обьектилердеги (пансионаттар, эс алуу үйлөрү ж.б.) коомдук тамактануу түйүндөрүнө тийиштүү, бирок ресторандык бизнеске жайылтылбайт;

- жеңил өнөр жайы

- фармацевтика өнөр жайы

- жүк ташуу

- өндүрүш жана кайра иштетүү ишканалары, агроөнөржай

- кен өнөр жайын кошпогондо, иштетүү өнөр жайы.

Насыянын шарттары:

- суммасы – 30 млн сомго чейин

- мөөнөтү – 60 айга чейин

- пайыздык үстөк – 6 %

- негизги сумма боюнча жеңилдетилген мезгил – 18 айга чейин

- рефинансирование – кредит суммасынан 50 % ашпаган.

2. Чийки зат, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн:

Насыя берүүнүн багыттары:

- туризм, мында туризм тармагындагы насыялоо туристтик обьектилердеги (пансионаттар, эс алуу үйлөрү ж.б.) коомдук тамактануу түйүндөрүнө тийиштүү, бирок ресторандык бизнеске жайылтылбайт;

- жеңил өнөр жайы

- фармацевтика өнөр жайы

- жүк ташуу

- өндүрүш жана кайра иштетүү ишканалары, агроөнөржай

- кен өнөр жайын кошпогондо, иштетүү өнөр жайы

Насыянын шарттары:

- суммасы – 20 млн сомго чейин

- мөөнөтү – 36 айга чейин

- пайыздык үстөк – 10 %

- негизги сумма боюнча жеңилдетилген мезгил – 12 айга чейин

- рефинансирование – насыянын суммасынан 50 % ашпаган.

3. Салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин колдонгон чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан негизги каражаттарды сатып алуу, жаңылоо, кеңейтүү жана модернизациялоо, товарларды, чийки зат, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу.

Насыянын багыттары:

- тармактар боюнча чектөөсүз.

Насыянын шарттары:

- суммасы – 10 млн сомго чейин

- мөөнөтү – 36 айга чейин

- пайыздык үстөк – 4 %

- негизги сумма боюнча жеңилдетилген мезгил – 12 айга чейин

- эсептелген пайыздарды төлөөдөн толук бошотуу - 12 айга чейин

- рефинансирование – насыянын суммасынан 50 % ашпаган.

4. Тоо-кен өнөр жайынан тышкары, өнөр жай жана иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалардын кредиттерин кайра каржылоо.

Насыянын шарттары:

- суммасы – 20 млн сомго чейин

- мөөнөтү – 36 айга чейин

- пайыздык үстөк – 11 %

- негизги сумма боюнча жеңилдетилген мезгил – 12 айга чейин

5. Күрөөсүз негиздеги чакан насыялоо.

Насянын багыттары:

- керектөөчү кредиттерден тышкары, тармактар боюнча чектөөсүз

Насыянын шарттары:

- суммасы – 150 миң сомго чейин

- мөөнөтү – 12 айга чейин

- пайыздык үстөк – 14 %

- негизги сумма боюнча жеңилдетилген мезгил – 3 айга чейин

Коммерциялык банктарга жана МФУ өз каражаттарынын эсебинен Программада көрсөтүлгөндөн узак мөөнөткө жеңилдетилген мезгилди белгилөөгө уруксат берилет

Потенциалдуу зайымчылардын күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз болгон учурда акыркылар «Кепилдик фонд» (мындан ары – «Кепилдик фонд» ААК) ачык акционердик коомуна кепилдикти алуу жөнүндө арыз менен кайрыла алат.

«Кепилдик фонд» ААК менен кызматташуу жөнүндө келишим түзгөн коммерциялык банктарга жана МФУ кепилдиктер берилет.

Пикир

Оставить комментарий