• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасына өзгөртүүлөрдү киргизди

Өкмөт 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Ишкердик субъекттердин жеңилдетилген насыяга алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Программага жеңилдетилген насыя берүү үчүн бир катар кошумча багыттар камтылды, анын натыйжасында ишкердик субъектилерине жеңилдетилген насыялык каражаттар менен камсыздоо жолу аркылуу мамлекеттик каржылык колдоо төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:

- туризм;

- жеңил өнөр жай;

- фармацевтика тармагы жана медицина чөйрөсү;

- жүк ташуу;

- билим берүү чөйрөсү;

- тейлөө;

- соода;

- айыл чарба;

- агроөнөр жай менен катар эле өндүрүш, кайра иштетүү ишканаларына дем берүү;

Ошондой эле насыяларды кайра каржылоо жагы каралган компоненттердеги тармактар боюнча чектөөлөр алынып салынды.

Чакан ишкердикти колдоо максатында күрөөсүз насыяларды каржылоо бюджеттик каражаттардын эсебинен коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар аркылуу дагы жүргүзүлөт.

Насыянын негизги шарттары:

Насыянын

түрлөрү

Пайыздык

чен

Мөөнөтү

Сумма

Жеңилдетилген мезгил

(негизги)

Жеңилдетилген мезгил (пайыз)

Кайра каржылоо

Негизги каражаттар үчүн

6%

5 жылга чейин

30 млн сомго чейин

18 айга чейин

50% чейин

Жүгүртүү каражаттары үчүн

10%

3 жылга чейин

20 млн сомго

чейин

12 айга чейин

50% чейин

Санариптештирүү компоненти боюнча (ККм онлайн, ЭСФ)

4%

3 жылга чейин

10 млн сомго чейин

12 айга чейин

до 12 мес.

50% чейин

Кайра каржылоо

11%

3 жылга чейин

20 млн сомго чейин

12 айга чейин

100%

Күрөөсүз насыя

14%

12 айга чейин

150,0 миң сомго чейин

3 айга чейин

Пикир

Оставить комментарий