• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт Ислам Өнүктүрүү Банкы менен кызматташууга өзгөчө маани берет

Өкмөт 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 10-июлда, Ислам Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Саед Ага баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Ислам Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрүнө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ИӨБ менен өз ара кызматташууга артыкчылыктуу маани берет.

«Бүгүнкү күндө транспорт, энергетика, ирригация жана суу менен камсыз кылуу тармактарында кызматташуу активдүү жүргүзүлүүдө. Ислам Өнүктүрүү Банкынын каржылык колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө ири салым кошуучу жана коңшу өлкөлөр менен соода-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген бир катар артыкчылыктуу долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда », - деп баса белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, 2017-жылдын беш айынын жыйынтыгында ИДП көлөмү 152,9 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,8 % көп көрсөткүч. «Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 34,7 % га көбөйгөн, айыл чарбадагы ички дүң продукциянын өсүүсү 1,7 % түздү. 2017-жылы республикада инфляциянын деңгээли май айында 2,4 % түздү», -деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы Ислам Өнүктүрүү банкын «Таза Коом» жалпы республикалык долбоорун жана 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиялык планын ишке ашырууда каржылык-техникалык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө чакырды.

Сооронбай Жээнбеков мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди. Анын ичинде үч жылдан он жыга чейинки мөөнөткө эсептелген Кыргызстандын Ислам Өнүктүрүү Банкы менен кызматташтыгы стратегиялык программасын даярдоо. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жашоо жана бакубат жашоо фондунун программаларына катышууга даяр (The Lives And Livelihoods Fund).

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан жаңы каржы инстурменттерин анын ичинде сукук ислам балуу кагаздарын ишке киргизүүгө кызыкдар. Бул үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган өзгөртүүлөр киргизүү зарыл.

Ислам Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Саед Ага Кыргызстандын экономикасында алгылыктуу өсүү көрсөткүчтөрүн жана мындан аркы кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле делегация башчысы Ислам Өнүктүрүү Банкы бир гана долбоорлорду каржылоого гана эмес, аймактарды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Азыркы учурда Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жаңы программа иштелип чыгууда. Ал негизги төрт багытта: транспорт, энергетика, айыл чарба жана соода тармактарын камтыйт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артып, учурдан пайдаланып, Ислам Өнүктүрүү Банкынын Президенти Бандаре Хаджаранын Кыргызстанга келип кетүүсү үчүн чакыруу берди.

Пикир

Оставить комментарий