• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт IV Глобалдык тоо форумуна даярдык көрүү жана аны өткөрүү максатында уюштуруу комитетин түзөт

Өкмөт 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасында 2018-жылы өтүүчү IV Глобалдык тоо форумуна даярдык көрүү жана аны өткөрүү максатында уюштуруу комитети түзүлөт. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Дүйнөлүк Тоо форумдарынын жана аймактык тоо форумдарынын сериясын өткөрүү тоолуу аймактардын кызыкчылыгын алга жылдыруу жана аларды дүйнөлүк сүйлөшүү процесстеринин күн тартибине киргизүү максатындагы дүйнөдөгү тоолуу өлкөлөрдүн биргелешкен демилгеси болуп саналат.

Тоо форумун өткөрүүнүн негизги максаты – тоолордун актуалдуу маселелери боюнча конкреттүү чечимдерди иштеп чыгуу менен бирдиктүү аянтта саясий диалогду өнүктүрүү.

Белгилесек, дээрлик бир миллиард адам тоолуу аймакта жашайт жана жер шарынын калкынын жарымынан көбү таза суу, азык-түлүк жана таза энергиянын булагы катары саналган тоолордон көз-каранды. Алардын маанилүү ролуна карабастан, тоо экосистемасы дагы да көптөгөн тобокелдиктерге дуушар болууда. Кеп климаттын өзгөрүшү, жерлердин деградацияланышы жана тоолуу аймактарга гана эмес, дүйнө жүзү үчүн кыйратуучу кесепеттерди алып келүүчү жаратылыш кырсыктары тууралуу жүрүүдө.

Алгачкы Дүйнөлүк Тоо форуму 2011-жылы Швейцариянын Люцерна шаарында, ал эми акыркысы 2016-жылы Мбала шаарында (Уганда) өткөн.

Пикир

Оставить комментарий