• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөт кайсы ишканалар биринчи кезекте ишин жандандыра турганын караштырууда – Асрандиев

Экономика 0


Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Өкмөт кайсы ишканалар биринчи кезекте ишин жандандыра турганын караштырууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

"Азыркы учурда бизнести колдоо жана экономиканы жандандыруу боюнча өкмөттүн иш-чараларынын экинчи пакети иштелип чыгууда. Биздин негизги максат – илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө, аны токтотуу, андан кийин бара-бара бизнести, жашоо-турмушту калыбына келтирүү. Ушул экинчи тизменин алкагында өзүнчө график иштелип чыгууда. Анда биринчи кезекте бизнестин кайсы түрүнө, кайсы ишмердүүлүктүн кайрадан иштөөсүнө уруксат берүү жагы каралууда. Ишканаларга жаңы шарттар, талаптар болорун түшүнүшүбүз керек, санитардык эрежелер аткарылышы зарыл. Ишканаларды кайра ача турган болсок алар илдеттин жайылышына себеп болбошу керек. Ошондуктан башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап жатабыз. Бизнестин, экономиканын тармактарынын баарынын тизмесин карап чыгып, кайсынысын биринчи, кайсынысын экинчи ачууну, ошол эле учурда ишканаларга жана бизнеске кандай талаптар коюлушу керектигин карап жатабыз. Мисалы, байланыш аз болгон ишканаларга биринчи кезекте ачканга уруксат берсе болот деген ойлор бар. Бирок, азырынча мөөнөтүн жана датасын айтуу эртерээк. Себеби, күн сайын инфекцияга байланыштуу маалыматтарды алып, талдоо жүргүзүп жатабыз", - деди ал.

Аны менен бирге Асрандиев, экинчи пакеттин алкагында чоң зыян тарткан тармактардын, бизнестин түрлөрү боюнча анализ жасалып жатканын айтты. Ал белгилегендей, кайсы бир ишкананын, тармактын ишине уруксат берилгенде анын жарандарды жумуш менен камсыз кылып, экономикага тез натыйжа берерине талдоо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий