• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт Кара-Кече кенин иштетүү шарттарын өзгөртүүгө ниеттенүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Өкмөт Кара-Кече кенин иштетүү шарттарын өзгөртүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул кенди иштетүү сынагы эки жолу өткөрүлгөн. “Бир дагы компания келген жок, себеби Балыкчыдан кенге чейинки 180 км темир жолдун курулушу болжол менен 1 млрд доллар турат. Кытай жана Түркиядан каалоочулар чыгышты. Бирок баанын жогору болушунан улам, алар өтүнүч катын ташташкан жок. Натыйжа жок. Биз кеңешме өткөрдүк, сынактын шарттарын өзгөртүү варианттары бар”, - деди Зилалиев.

Ал белгилегендей, алгач ЖЭБ, андан соң темир жолду курууну сунуштоо каралууда.

Белгилей кетсек, долбоордун толук баасы 2,5 млрд долларга бааланат. Бул ЖЭБ жана темир жолдун курулушун кошкондо.

Пикир

Оставить комментарий