• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт каза болгон чек арачы Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда каза болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев резервдик фонддон каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө үй алуу үчүн 2 млн сом бөлүү чечимин чыгарган.

Жер тилкелүү турак жай Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан. Үйдүн жана жер тилкенин документтери каза болгон чек арачынын жубайына катталды.

Пикир

Оставить комментарий