• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмүн эки эсе жогорулатты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген документке ылайык, автобустардын, жүк ташуучу унаалардын, транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочуларынын, жыгач усталардын, сантехник, слесарь, электрик, иш кагаздарды мукабалоочу, короо шыпыргыч, багбан, гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу, кастелянша, курьер, кладовщик, имараттарды оңдоп, тейлеген жумушчулар, калктуу конуштарды жакшыртуу, иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандардын эмгек акылары эки эсе жогорулайт.

Бул токтомду жүзөгө ашырууга бюжеттен жылына 220,0 млн. сом бөлүнөт, бул республикалык бюджетте каралган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт милдеттердин кыйла сапаттуу аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин колдоо максатында зарыл каражаттарды табууну мындан ары да уланатат.

Кызмататтардын аталышы

Эмгек акынын жогорулаганга чейинкиси

(сом менен)

Эмгек акынын жогорулагандан кийинкиси

(сом менен)

1

Автобус, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары

4200

8000

2

Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочулары

3000

6000

3

Жыгач уста, сантехник, слесарь, электрик

3000

6000

4

Иш кагаздарды мукабалоочу

2700

5000

5

короо шыпыргыч, багбан

2700

5000

6

Гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу, кастелянша, курьер, кладовщик

2500

5000

7

Иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандар

2500

5000

Пикир

Оставить комментарий