• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт: Коронавирус боюнча кырдаал тууралуу өз убагында маалымдап турабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 12.03.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмурбекова көптөгөн өлкөлөргө тараганына байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышы пандемия баскычына жеткенин жарыялагандыгын эскертип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышканын баса белгиледи.

Мамлекеттик органдар дүйнөдөгү кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп турушат.

«Дүрбөлөң түшүүгө себеп жок. Кыргыз Республикасында коронавируска кабылгандар жок, эпидемиологиялык абал туруктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ачык иш алып барууда жана коронавирус боюнча жарандарды өз убагында маалымдап турат», – деди ал.

Вице-премьер-министр кыргызстандыктарды социалдык тармактарда жана мессенджерлерде чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого, Саламаттык сактоо министирлигинин жана Республикалык штабдын сунуштамаларын карманууга чакырды.

Ал ошондой эле катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү чечими тууралуу билдирди.

Республикалык штаб бардык кыргызстандыктарды балдарды каникул учурунда соода-оюн-зоок жайларына, оюн аянтчаларына, оюн залдарга жана башка эл көп болуучу жайларга алып барбай, каникулду үйдөн өткөрүүгө чакырат.

Жыйында белгилегендей, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коронавирус боюнча кырдаал турукташканга чейин башка өлкөлөргө иш сапарларды токтотуп туруу сунушталды.

Мындан тышкары жакынкы күндөрү дарыкана түйүндөрүнө бир катар ата мекендик өндүрүүчүлөр чыгара баштаган медициналык беткаптар түшө баштайт.

Бишкек мэриясынын өкүлү соода-оюн-зор комплекстерине санитайзерлерди, аба тазалагычтарды жана дезинфекциялоочу каражаттарды орнотуу боюнча мониторингдин жүрүүсү тууралуу билдирди. Ал кошумчалагандай, санитардык кызматтардын адистери коомдук унааларды (маршруттук такси, автобус, троллейбус) дезинфекциялоо иштерин улантышууда.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдиргендей, Ирандын аймагындагы кыргызстандык жүк ташуучулардын абалы чечилүүдө. Бүгүнкү күнү Азербайжан, Россия, Казакстан кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн транзиттик коридор ачты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Билим берүү жана илим министрлигине коронавирус жана оорунун алдын алуу боюнча өздүк гигиена эрежелери жөнүндө билим берүү мекемелеринде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Саламаттык сактоо министирлиги менен биргеликте кыргызстандыктар сапарларын пландап алуусу үчүн жарандарга ММКлар аркылуу коронавирус жайылган өлкөлөр тууралуу маалымат берүү тапшырылды.

Тармактык органдарга жеке жактарга жана соода, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш менен алектенген юридикалык жактарга убактылуу чектөө алып салынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрбөөнү сунуштоо тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий