• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөт коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды КНС бошотту

Өкмөт 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын соңуна дейре коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотту. Тийиштүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кабыл алынган чечим 2020-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин иштейт жана Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана аймакта коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алуу жана ага каршы турууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Кошумча нарк салыгынын салык салынуучу импорт жана салык салынуучу тапшыруулар боюнча нөл пайыздык коюуму төмөнкү товарлар үчүн колдонулат:

- дем алуу органдарын жеке коргоочу, чыпкалоочу жана изоляциялоочу каражаттары, анын ичинде бетке арналган бөлүктөр жана чыпкалар;

- атайын коргоочу кийимдер, анын ичинде чыпкалоочу коргоочу кийим;

- көздү жана бетти коргоочу жеке каражат;

- токулбаган сиңирилген жана сиңирилбеген, капталган жана капталбаган, кабатталган жана кош кабатталган кездемелер;

- компьютердик томография; - медициналык багыттарга арналган атайын автомобилдер;

- медициналык жана хирургиялык эмеректер;

- негатоскоптор.

Кыргыз Республикасына ташылган товарларга нөл пайыз өлчөмүндөгү КНС коюму Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан мындай товарлардын максаттуу багыты документ түрүндө тастыкталган шартта колдонулат, анда номенклатурасы, саны, мындай товарлардын баасы, ошондой эле ушундай ташууларды ишке ашырган уюм же жак тууралуу маалымат камтылат

Пикир

Оставить комментарий