• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт коронавирустан улам массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизди

Өкмөт 0

Бишкеук, 18.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коронавирус инфекциясы (COVID-19) боюнча кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Бул чечим «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында кабыл алынды.

Бул чечим 2020-жылдын 18-мартынан тарта күчүнө кирип, коронавирус инфекциясы (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин сакталып турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

– маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;

– көңүл ачуучу жайлардын ишин;

– соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, коомдук тамактануу түйүндөрүнүн ишин;

– кинотеатрлардын, театрлардын, музейлердин, көргөзмө залдарынын жана галереялардын, маданий-агартуучу жана башка жайлардын ишин;

– 50дөн ашык орундуу коомдук тамактануу түйүндөрүнүн ишин;

– спорттук-ден соолукту чыңдоочу борборлордун, спорттук секциялардын, коомдук мончолордун, сауналардын, бассейндердин ишин;

– интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишин токтотуу боюнча токтом кабыл алды.

Жеке жактарга жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга чектөө алып салынганга чейин жогоруда аталган иш-чараларды өткөрүүгө жана катышууга, көрсөтүлгөн объекттерге барууга тыюу салынат. Ошондой эле жайларга жана залдарга санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо абзел.

Карантинге байланыштуу балдары (камкордуктагылар) окуу жайларга барбаган ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) жогорку аталган жерлерге балдардын (камкордуктагылардын) баруусуна жол беришпесин.

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрүшү зарыл, ушул токтомдун жоболорун сактоо жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшү зарыл.

Ушул документ менен белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 146 «Маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

Пикир

Оставить комментарий