• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт Квалификациялардын улуттук алкагын жактырды. Анда квалификациянын 9 деңгээли аныкталган

Коом 0

Бишкек, 24.09.20 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Квалификациялардын улуттук алкагын жактырды. 2020-жылдын 18-сентябрында тиешелүү токтомго премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Квалификациялардын улуттук алкагы квалификациялардын тармактар аралык салыштырмалуулугун камсыздоочу жана адистердин квалификацияларынын ылайык келүүсүн тастыктоо жана ыйгаруу үчүн негиз болуп саналган квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын, кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу үчүн квалификациялардын деңгээлдеринин бирдиктүү шкаласын аныктайт.

Квалификациялардын алкагы мамлекеттик органдарга, иш берүүчүлөргө, ишканаларга, билим берүү уюмдарына, жарандарга арналган жана төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • бирдиктүү методологиялык негизде кесиптик стандарттарды, билим берүү стандарттарын жана билим берүү программаларын иштеп чыгууга;
  • кесиптик жана билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда адистердин жана окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн квалификацияга жана компетенцияларга окутуунун натыйжаларына карата бирдиктүү позициядагы талаптарды баяндоого;
  • кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин бүтүрүүчүлөрүнүн квалификацияларын баалоо материалдарын жана аныктоо процедураларын иштеп чыгууга;
  • эмгек рыногун жана билим берүү системасын өнүктүрүүнүн жалпы стратегиясын түзүүгө, анын ичинде конкреттүү квалификацияга ээ болууга, квалификациялык деңгээлди жогорулатууга, карьералык өсүүгө алып келүүчү билим берүүнүн ар кандай траекторияларын пландоого мүмкүндүк берет.

Квалификациялардын улуттук алкагы квалификациялардын жана компетенциялардын тармактар аралык салыштырмалуулугун камсыздайт, адистерге квалификацияларды ыйгаруу жана ылайык келүүсүн тастыктоо системасы үчүн негиз болуп саналат.

Квалификациялардын улуттук алкагында 9 деңгээл аныкталган, алар улуттук жана регионалдык/эл аралык эмгек рынокторунда жана улуттук билим берүү системасындагы өзгөрүүлөргө жараша кичи деңгээлдерди камтышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий