• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт Кыргызстандан респиратордук беткап, халаттарды чыгарууга тыюу салды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Өкмөт дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салды. Аталган токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 “Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилди.

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 “Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармек жана медициналык каражаттардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 28-32-пункттар менен толукталсын:

28.

Хирургиялык операцияларды жүргүзүүдө бейтаптар жана медициналык персонал пайдаланган бир жолку халаттар

6210 10 920 0

29.

Медицина үчүн пайдаланган коргоочу костюмдар же медициналык халаттар

6203 39 900 0

6210 10 980 0

6211 32 100 0

6211 33 100 0

6211 43 100 0

6211 49 000 9

30.

Медициналык максатта пайдалануу жана вирустук оорулардан коргоо үчүн арналган биологиялык коргоочу костюмдар

62ден

31.

Дем алуучу башка жабдуулар жана газ маскалары, механикалык бөлүктөрү жана алмаштыруучу чыпкалары жок коргоочу маскалардан тышкары.

Респиратордук маскалар

9020 00 000 0

32.

Медициналык коргоочу көз айнектер

9004төн

”.

Пикир

Оставить комментарий