• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт: Кыргызстандык товарлардын 80% Россияга экспорттолот

Экономика 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Кыргызстандык товарлардын 80% Россияга экспорттолот, Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүндө дагы суроо-талапка бар. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөтүнүн кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы тышкы соода жүгүртүү 6,7 млрд долларды түзүп, 6,6% көбөйгөн. Ал эми Россия менен – 1,6 млрд чыгып, өткөн жылга салыштырмалуу 56 млн долларына өскөн.

Абылгазиев билдиргендей, Россиядан келген чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 123 млн долларын түзүп, 25% өсүш катталды.

"Биздин мамилелерибиздеги эң чоң потенциалдын бар экендигин эске алсак, бул көрсөткүчтөр аздык кылат. Бүгүнкү күнү республикада дээрлик 700 жакын биргелешкен орус-кыргыз ишканалары иштейт", - деди премьер-министр.

"Биздин милдет жакынкы аралыкта Россия менен соода жүгүртүүбүздү 2 млрд АКШ долларына жеткиришибиз керек. Атамекендик товарлардын 80% Россияга экспорттолот жана Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүндө дагы чоң суроо-талапка ээ болуп баратат", – деди Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктарына токтолуп, анын алкагында 6 млрд 135 млн доллары көлөмүндөгү 53 документке жана өкмөт аралык 4 макулдашууга кол коюлганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий