• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт Кытайга гуманитардык жардам жана колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирет

Өкмөт 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кытай Эл Республикасынын Covid -19 коронавирусуна каршы күрөшүү боюнча кошкон салымына жана күч-аракетине жогору баа берип, оор учурда берген гуманитардык жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, Covid -19 коронавирусунун жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалда Өкмөт кыргыз тарапка тест-системасы жана реагенттер, тиешелүү медициналык жабдуулар, медицина кызматкерлери үчүн коргоочу каражаттар, ошондой эле санитардык-дезинфекциялоо багытында колдонуучу каражаттар жагынан гуманитардык жардам берүү жөнүндө Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнө кайрылган.

Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жаатында тажрыйба алмашуу үчүн медицина эксперттерин жөнөтүү өтүнүчү билдирилди.

Пикир

Оставить комментарий