• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өкмөт Лейлек районундагы Арка массивине суу берүү үчүн дюкердин курулуш ишине каражат бөлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен облусундагы Лейлек районунун Арка массивине суу берүү үчүн дюкер курууга 50 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Белгилей кетүүчү жагдай, Садыр Жапаровдун Баткен облусундагы иш сапарында жергиликтүү эл облустагы Арка массивине суу жеткирүү маселесин чечип берүүнү өтүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары агенттигинин маалыматы боюнча, долбоордо 1800 гектар жаңы жер өздөштүрүү жана 2800 гектар жерди суу менен камсыз кылууну жогорулатуу каралган. Сугат суу Козу-Баглан дарыясынан алынат. Ири долбоор болгондуктан дюкердин курулуш иши 4 баскычка бөлүндү.

Биринчи баскычта башкы суу алгычтын курулушу жана баштапкы каналды реконструкциялоо иши каралган. Бул жумуштарды 2021-жылдын сугат мезгилине чейин бүткөрүү мерчемделди.

Ал эми экинчи – Кулунду каналын реконструкциялоо, үчүнчү – жаңы дюкер куруу, колдонуудагы туннелди кеңейтүү, төртүнчү – Максат каналын куруу. Лейлек районун Максат айылындагы Арка массивине суу берүү долбоорунун курулуш иши ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программада көрсөтүлгөн мөөнөттө бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий