• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт Liglass менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарат

Экономика 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Өкмөт Liglass менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарат. Бул тууралуу кечээ өкмөт жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Ал чехиялык Liglass Traiding компаниясы келишимди аткарбаганын белгилеп, тиешелүү министрликтерге аны бир тараптуу жокко чыгаруу тапшырмасын берди. Исаков Кыргызстан убакыттан уттурганын кошумчалап, кайрадан тендер жарыялана турганын айтты.

Ал эми юстиция министри Уран Ахмедовдун айтымында, аталган компания күрөө катары төлөгөн 1 млн 147 миң доллар Кыргызстанда калат.

Өнɵр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет быйыл 28-июлда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана дагы он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерде жеңип алган Liglass компаниясы 1 миллион 147 миң доллар ɵлчɵмүндɵгү кепилдик акыны жана тендерге катышуу үчүн талап кылынган 2 миллион сомду (10 кичи ГЭСтин ар бири үчүн 200 миң сомдон) тɵлɵгɵнүн жарыялаган.

Зилалиев келишим ишке ашпай калса, чехиялык компаниянын 1 миллион доллар күрөөсү Кыргызстанда кала турганын билдирген.

Бүгүн чехиялык "Liglass" компаниясынын ээси Михаэл Смелик жана ишкана өкүлү Йиржи Войтеховски Бишкекте маалымат жыйынын куруп, алардын ишине Кыргызстандагы саясий күчтөр тоскоол болуп жатканын, медиа аркылуу чабуул жана каралоо жүрүп, натыйжада каржылык оор абалга кабылганын жарыялашкан.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев учурда чакан ГЭСтерди курууга дагы бир чехиялык “Энерго-про” аттуу компания жана Индия, Түштүк Кореядан ишканалар кызыгып жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий