• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу үчүн "Жаратылышты өнүктүрүү фондун" түздү

Өкмөт 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. КРнын Премьер-министри Сапар Исаков өлкөдөгү, анын ичинде “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда, экологиялык абалды жакшыртуу менен алектенген “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фондун түзүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

“Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун негиздөөчүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат. Фонддун ишмердүүгү айлана чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчтөндүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана “Centerra Gold Inc.” компаниясы жана “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коому ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча 2017-жылдын 11-сентябрындагы Стратегиялык келишимди ишке ашырууга багытталган.

Фонддун акчалай жана башка формадагы мүлкүн уюштуруу булактары катары: Стратегиялык келишимге ылайык, “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомунун 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмү жана 2017-жылдан тарта ар жыл сайын жана Кумтөр кенин пайдалануу соңуна дейре 2,7 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү төлөмү эсептелет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган ыктыярдуу төлөмдөрдүн, ошондой эле башка түшүүлөрдүн эсебинен каржылоо каралган.

Стратегиялык келишимге ылайык, “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коому тарабынан Фондго киргизилген төлөмдөр Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоону өнүктүрүү жана жаратылыш байлыктарын сактоо, Кыргыз Республикасындагы адистердин Кумтөр кенине жакын жайгашкан аймактагы жана Кыргыз Республикасынын жалпы аймагындагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мүмкүнчүлүгүн арттыруу, экологиялык жана жаратылыштык бакубаттыкты колдоого алуу, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында пайдаланылат.

Эскертсек, 2017-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана «Centerra Gold Inc.» компаниясы ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык келишимге кол коюу аземи болуп өткөн.

Стратегиялык келишим “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда экологиялык абалды жакшыртуу үчүн шарттарды түзөт. Документке ылайык, “Centerra Gold Inc.” компаниясы жаратылышты коргоо, биринчи кезекте, Ысык-Көл акваториясынын жаратылышын коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүүгө багытталган жаңы милдеттенмелерди алат.

Пикир

Оставить комментарий