• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт өлкөнүн чет жакасындагы кыргызстандыктардын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз негизде жүргүзүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдөн тышкары жүргөн кыргызстандыктардын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда Москва шаарында (Россия Федерациясы) эки хостелде республиканын 94 жараны жашоодо.

«Оренбург областынын Соль-Илецк шаарындагы 100 жаранга азык-түлүк, медициналык маскалар жана башка зарыл товарлар түрүндө 161 миң сом суммасындагы көмөк көрсөтүлгөн. Новосибирскидеги 143 жаран 20-апрелге чейин хостелдерде болушат, бул жардам Эл аралык миграция уюму миссиясы тарабынан көрсөтүлүүдө. Соль-Илецк шаарындагы кыргыз жарандарын азык-түлүк жана медициналык маскалар менен камсыздоо маселеси чечилген. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн жарандарыбыздын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүүдө», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий