• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөт мүчөлөрү Аксы окуясында каза болгондорду эскеришти

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү бүгүн, 17-мартта, 2002-жылы Аксы окуясында каза болгондорду эскеришти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, вице-премьер-министрлер Дайыр Кенекеев, Санжар Муканбетов жана башка Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында элдин эркиндиги үчүн каза болгон жана 2010-жылы апрель окуясынын курмандыктарына арналып тургузулган монументке гүлчамбарларды коюшту.

Пикир

Оставить комментарий