• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү дайындалды

Президент 0

Бишкек, 26.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу Жарлыктарга кол койду.

Президенттин аппаратынан билдиришкендей, Мамлекет башчысынын Жарлыктарына ылайык:

Момуналиев Нурханбек Сакенович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси – министри болуп дайындалды;

Абдылдаев Эрлан Бекешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды;

Исраилов Улан Джумабекович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалды;

Ахметов Уран Тулондиевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды;

Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын финансы министри болуп дайындалды;

Новиков Артем Эдуардович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды;

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды;

Калилов Жамшитбек мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды;

Боронов Кубатбек Айылчыевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;

Кудайбердиева Гульмира Каримовна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;

Батыралиев Талантбек Абдуллаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды;

Казаков Түгөлбай Токтогулович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды;

Исакунова Таалайкүл Базаркуловна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;

Сегизбаев Абдил Кенешевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз РеспубликасынынУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

Рыскулов Уланбек Дуулатович Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

Абасканов Нурбек Эсенканович Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

Касымкулов Мирбек Абдыкаимович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий