• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өкмөт мүчөлөрү мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо жана референдумда добуш берди

Өкмөт 0

Бишкек, 10. 01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добушун берди, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы №5-кесиптик лицейдин имаратында жайгашкан № 1209 шайлоо участогунда добуш берди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов катталган орду боюнча, Ысык-Көл облусунун Чон-Сары-Ой айылындагы № 3023 шайлоо участогунда добуш берди.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдумунда «Жашылдандыру чарбасы» муниципалдык ишканасынын имаратында жайгашкан № 1222 участогунда добуш берди.

Пикир

Оставить комментарий