• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты

Саясат 0


БИШКЕК, 21.08.17 /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Өкмөт мүчөлөрү бүгүн жыйында кызматынан кете турганын айткан премьер-министр Сооронбай Жээнбековду кол чаап узатышты.

“Мен президенттикке көрсөтүлүп жатканыма байланыштуу кызматымдан кетип жатам. Бул кызматты ээлегенге моралдык укугум жок. Бүгүн түштөн кийин мен президент Алмазбек Атамбаевдин атына арыз жазам”, - деди ал.

Ошондой эле, Жээнбеков анын өкмөттө иштеген учурунда бардык коюлган милдеттери аткарылганын билдирди. Ал министрлер кабинети саясий процесстерге кийлигишпегендигин жана экономика менен гана алек болгонун белгиледи.

Эскерте кетсек, бүгүн БШК Жээнбековду президенттик кызматка талапкер катары каттады. Ал КСДП партиясынан президенттикке талапкер болуп саналат.

Президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий