• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө кетчү каражатка дары-дармек сатып алат — Боронов

Өкмөт 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн өкмөт үйүндө өткөн брифингде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Өкмөт башчы күн мурун президенттин жетекчилиги астында чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал маселеси талкуулангандыгын эске салды. Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы кезектеги жыйынынын жыйынтыгы менен бир катар сунуштар берилген.

«Коопсуздук кеңеши өкмөткө эпидкырдаал турукташканга чейин өлкөдөгү баардык мааракелик даталарды жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүнү токтотуп турууну сунуштап, ага кетчү каражаттарга медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди сатып алуу сунуштады», - дейт Боронов.

Пикир

Оставить комментарий