• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын болду. Анда бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, жыйын жүрүшүндө өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга карабастан, коронавирус инфекциясы пандемиясы күч алып жатканы белгиленди.

Бул кооптуу илдет бир сутка ичинде 245тен ашык жаранга жукту. Өлүм дагы катталды. Жарандарга санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин активдештирүү керектиги айтылды.

Жыйында негизги маселелердин бири болгон 2021-жылы тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн жогорку чекте болоорун эске алуу менен республикалык бюджеттин аткарылышы жана тышкы карыздарды реструктуризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.

«Бардык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекеттик органдар буга чейин кабыл алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткарууну улантышат", - деп белгилешти жыйындын катышуучулары.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жетекчилери күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

«Бардык социалдык мекемелер керектүү көлөмдө көмүр менен камсыздалып, ал эми жылуулук электр борборлору жылытуу мезгилине толугу менен даяр болушу керек», - деп жыйынында баса белгиленди.

Бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте иштөө жана жумуш ордун таштап кетпөө тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий