• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өкмөт медиктерге кошумча төлөм төлөөгө 1,4 млрд сом бөлдү – Боронов

Өкмөт 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Өкмөт медиктерге кошумча төлөм төлөөгө 1 млрд 425 млн сом бөлдү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1-сентябрда өкмөттүн чечими менен 2020-жылдын аягына чейин кошумча 640 млн сом бөлүндү. Бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы 1 млрд 425 млн сомду түзөт.

"Өкмөт эпидемиялык очоктордо иштеген дарыгерлер үчүн айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз берип келе жатат. Алсак, март айында 37,7 млн сом, апрелде 111,1 млн сом, майда 110,7 млн сом, июнда 119,3 млн сом, июлда 41 миң 649 медкызматкерге 444,1 млн сом төлөнгөн. 2020-жылдын 26-августуна карата компенсациялык төлөөлөрдүн жалпы суммасы 785,4 млн сомду түздү", - дейт өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий