• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөт медиктердин айлык акысына кошумча төлөм боюнча түшүндүрмө берди

Өкмөт 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын 8-майында брифингде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова медициналык кызматкерлердин айлык акысына кошумча төлөмдөрдүн мөөнөтү тууралуу маалымат берген.

Бирок анын айткан сөзү туура эмес чечмеленип, айрым массалык маалымат каражаттарына жана социалдык тармактарга жайылтылган, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Ача пикирлерге тактык киргизүү максатында төмөндө вице-премьер-министрдин сүйлөгөн сөзүн келтиребиз: «Банк аркылуу которуу үчүн төлөм ведомостторун толтуруудагы техникалык кемчиликтерден, же анык эмес көрсөтүлгөн банк реквизиттеринен улам март айы үчүн айлык акысына кошумча төлөм албаган медициналык кызматкерлер жакынкы арада кошумча төлөмдөрүн алышат».

Жалпыга жеткиликтүү брифингди ар бир жаран көрө алат жана вице-премьер-министр Аида Исмаилова төлөмдөрдүн кармалуусуна тийиштүү документтерди туура эмес толтурган медициналык кызматкерлердин өзү күнөөлүү деп айтпагандыгына күбө болот.

Төлөм ведомостторун толтуруу жана тийиштүү банк реквизиттери менен жөнөтүү – бул врачтардын жана медайымдардын эмес, башкы бухгалтердин, же медициналык мекеме жетекчисинин милдети.

Жогорудагыларды эске алуу менен, чындыкка дал келбеген маалыматты жайылтпоону жана калкты жана COVID-19 дартына каршы күрөшкө тартылган медициналык кызматкерлерди жаңылыштырбоону өтүнөбүз.

Пикир

Оставить комментарий