• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт мектепте 5-11-класстар үчүн окуу китептерин ижарага берүү тумеханизмин баскычу киргизүү маселесин кароодо

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине «Жаӊы китеп» мекемесин түзүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Жаӊы китеп» мекемесинин негизги максаты жалпы билим берүү мекемелерин окуу китептери менен камсыздоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө мектеп китепканаларындагы окуу китептеринин 60% ашууну моралдык жактан эскилиги жеткен. Натыйжада, окуу процессинде заманбап окуу програмаларынын талаптарына жана санитардык-гигиеналык ченемдерге жооп бербеген басылмалар пайдаланылууда.

Окуучулардын ата-энелери ар бир китепти 250 дөн 500 сомго чейинки баада сатып берүүгө муктаж болууда. Алардын арасында окуу китептерин сатып алууга мүмкүндүгү жок ата-энелер да бар.

«Жаңы китеп» мекемеси окуу китептерин ижарага берүү механизмин баскычтуу киргизүү аркылуу окуу китептердин жетишсиздиги көйгөйүн чечүүгө багытталган, бул окуучулардын ата-энелери үчүн финансылык жактан алгылыктуу саналат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, аяр катмардагы окуучулар төлөмдөн бошотулат, ал эми 3-4 балалуу үй-бүлөнүн балдары ижара акысынын 50% төлөшөт.

Белгилей кетсек, ижара акысы 5-11 класстардын окуучулары үчүн жаңы предметтик билим берүү стандарттары боюнча басылып чыккан жаңы окуу китептери үчүн гана алынат.

Ижарага берилчү окуу китептеринин тизмеси жыл сайын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет.

Пикир

Оставить комментарий