• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт мектептеги тамактанууну жакшыртуу боюнча чараларды кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. Кошумча түрдө 275 жалпы билим берүү мекемелеринде ысык тамактандыруу жана өз алдынча нан азыктарын бышыруу киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Аталган чечим 2002-жылдын 27-июнундагы №111 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу жана 1-4-класстагы (башталгыч) окуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган документке ылайык, кошумча 275 жалпыга билим берүү мекемелеринде ысык тамактануу жана нан азыктарын өз алдынча бышыруу кийрилип, мектептердеги 1-4-класстагы окуучулардын санына жараша ашпозчулардын саны дагы көбөйтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тизмеге киргизилген жалпы билим берүү мекемелериндеги 1-4 (башталгыч)-класстардын окуучулары үчүн ысык тамак жана нан азыктарын бышырууну уюштуруу боюнча чараларды кабыл алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген ашпозчуларга карата квалификациялык талаптарды иштеп чыгуусу жана тийиштүү тартипте бекитүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий