• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт мугалимдердин айлыгын жогорулатуунун жаңы механизмдерин киргизүү мүмкүндүгүн иликтөөдө

Коом 0

Бишкек, 14.02.19 /Кабар/. Мугалимдердин айлык акысын жогорулатуунун жаңы механизмдерин киргизүү мүмкүндүгү иликтенүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди.

"Өкмөт бул маселенин үстүндө иштеп жатат белгилей кетүү зарыл. Министрликтин алдында тиешелүү жумушчу топ түзүлгөн, ал ар түрдүү, анын ичинде эмгек акы фондун 20% чейин өбөлгөлөө боюнча варианттарды караштырат. Айлык акыны жогорулатуу мугалимдерге билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мотивациялоого тийиш», – деди Омурбекова.

Муну менен бирге ал мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдик окутуу формаларын издөөнү, МЖӨ принциптерин өнүктүрүүнү, китепканалардын базасында эрте курактан өнүктүрүү борборлорун өркүндөтүүнү, базистик окуу программаларын жакшыртуунун жана педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын туруктуу жогорулатуунун үстүндө иштөөнү тапшырды.

Ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясын өнүктүрүү концепциясын сунуштоо жана 5-6-класстын окуучулары үчүн сапатсыз окуу китептерин басып чыгарууга байланыштуу жагдайдын кайталанбашы үчүн китеп басып чыгаруу процессин кайра карап чыгуу тапшырылды. Аны менен бирге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик билим берүү принциптерин активдүү киргизүү жана аларды кепилденген билим берүү менен максималдуу камсыздоо зарылдыгы көрсөтүлдү.

Мындан тышкары вице-премьер-министр белгилегендей, шаарлардын жана райондордун мектептерге муктаждыгын аныктоо боюнча иштерди күчтөндүрүү зарыл жана өлкөнүн бардык мектептерин Интернетке кошуу боюнча иштер аяктай турганын кошумчалады.

Бир катар тапшырмалар жогорку билим берүү тутумундагы кадамдарды кайра карап чыгууга тийиштүү болду.

Мамлекеттик ЖОЖдордун ректорлоруна илимий ишмердүүлүк менен алектенген окутуучуларды кесипкөйлүк мотивациялоо тутумун түзүү, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын, эмгек маянаны жогорулатуу жана ЖОЖдорду материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу тапшырылды.

Вице-премьер-министр Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигине жана жамаатына ийгилик каалап, бул тармактын маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий