• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт Нарын облусуна мобилдик рентген жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу 3 аппарат берди

Аймак 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Күн мурун, 14-августта Нарын облусуна өкмөт тарабынан 1 даана мобилдик рентген, бейтаптардын жалпы абалын текшерген 5 даана монитор, 3 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараты жана дары-дармектер берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облуска келген медициналык жабдууларды Нарын облусунун башчысынын орун басары Жаркын Ибраева кабыл алып, медициналык комиссияга өткөрүп берди.

Жабдуулар медициналык мекемелерге зарылчылыгына жараша бөлүштүрүлүп берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий