Өкмөт Нарындагы ооруканаларга 20 кычкылтек концентраторун бөлүп берди

Аймак 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-июлда өкмөт Нарындагы ооруканаларга 20 кычкылтек концентраторун бөлүп берди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, медициналык жабдуулар Нарын облустук бириктирилген ооруканасына тапшырылдган. Концентраторлор аймактык ооруканаларга жана алардын жаңы ачылган филиалдарына муктаждыкка жараша бөлүштүрүлүп берилмекчи.

"Облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов беш концентраторду Ак-Талаа районуна жиберүү керектигин айтты", - деп айтылат өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий