• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт онкологиялык илдетке чалдыккандар үчүн ооруну басаңдатуучу дарылардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат

Өкмөт 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова онкологиялык илдетке чалдыккандар, паллиативдик жардамга муктаждар үчүн ооруну басаңдатуучу дары каражаттардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тууралуу жыйын өткөрдү.

«Залалдуу шишик дартына кабылгандардын ар бири эле дарыканадан татаал механизмге же наркынын жогору болушуна байланыштуу ооруну басаңдатуучу дары каражаттарды ала албайт. Ошондуктан алыскы аймактарда жашагандарга райондун же облустун борборуна бул дары-дармек үчүн барууга туура келет», – деп билдирди вице-премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын текшерүүлөрүнөн корккондуктан, колдонулган каражаттарды жок кылуунун жол-жобосу, рецепти толтуруунун жана башка процедуралардын татаалдыгына байланыштуу фармацевтикалык компаниялар мындай каражаттарды дарыканаларынан сатууга ашыкпайт. Ошондуктан ооруну басаңдатуучу каражаттарды көзөмөлдөо боюнча нормативдик-укуктук актыларды жакшыртуу зарыл.

Аймактарда алдын-ала жүргүзүлгөн мониторингде ооруну басаңдатуучу дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгү боюнча бир канча маселе аныкталды. Бул – дарыканалардын жоктугу, көпчүлүк дарыгерлер укук коргоо органдарынын суроолорун жаратпаш үчүн бул багытта иш алып баргылары келбейт.

Алтынай Өмүрбекова мындай дары-дармектерге жарандардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча фармацевтикалык компаниялар менен айыл жергесиндеги жана алыскы аймактардагы дарыканалардын санын көбөйтүү, аларга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштөө тапшырмасын берди.

Вице-премьер-министр нормативдик-укуктук актыларга оңдоп-түзөтүүлөрдү иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Муну менен катар дарыканалардын картасын түзүү ишин аяктоо жана онкологиялык оорулардын электрондук популяциялык каттоосун киргизүү, ошондой эле онкологиялык илдетке чалдыккандарга берилүүчү жардам тууралуу жарандарга маалымдоону күчтөндүрүү тапшырылды.

Мындан тышкары ооруну басаңдатуучуь дарыларда саткан юридикалык жактардын маселелерин чечүү жана онкологиялык жана наркотикалык дары-дармектерди аккредитациядан өткөн эл аралык уюмдардан сатып алуу маселелерин чечүү милдеттендирилди.

Бул өзгөртүүлөр өзгөчө онкологиялык дартка чалдыккандардын ооруну басаңдатуучу дары-дармекке жеткиликтүүлүгүн жогорулатат, - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий