• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт ОСАГО полисин киргизүүнү 2023-жылга жылдырууну сунуштоодо

Коом 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Өкмөт Кыргызстанда ОСАГО полисин киргизүүнү 2023-жылдын 1-январына жылдырууну сунуштоодо. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жүргөн чет элдик автоунаалар үчүн ОСАГО 2021-жылдын 1-июлунан баштап, мамлекеттик, муниципалдык, юридикалык жана жүргүнчү ташуучу автоунаалар үчүн 2022-жылдын 1-январында, ал эми жалпы унаалар үчүн 2023-жылдын 1-январында киргизилет.

Кожошев ОСАГО полисин киргизүү мөөнөтүн жылдыруу коронавируска байланыштуу экендигин белгилеп өттү.

Ал азыркы тапта өлкө оор экономикалык абалда экенин айтып, бүгүн премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков ОСАГОну бир жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алганын билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ОСАГО жөнүндө мыйзам 2015-жылы кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий