• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт полимердик материалдардан жасалган буюмдарды өндүрүүгө мораторий киргизүүнү демилгеледи

Өкмөт 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Полимердик материалдардан жасалган буюмдарды (баштык, кап, таңгактоочу материалдарды) калктын күнүмдүк колдонуусу үчүн өндүрүүгө жана аны сатууга мораторий киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун иштеп чыкты.

Токтом долбоордун максаты жана милдети - бул айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана таңгактоочуу полиэтилен баштыктардан пайда болгон калдыктардын көлөмүн азайтуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасында полимер материалдарынан жасалган баштыктар турмуш-тиричиликте абдан көп колдонулуп, катуу калдыктарды таштоочу жайларда чогулууда. Көп учурларда мындай калдыктар экономикалык жактан пайдасы жок болгондуктан, иргелип кайра иштетилбейт. Бул болсо курчап турганын чөйрөнүн жана суу объектилеринин булганышына алып келүүдө.

Тиричилик калдыктарын сактоочу жайларында азыркы учурда болжол менен 16 млн 409 629 миң тонна таштанды бар. Инвентаризация учурунда калдыктардын болжолдуу морфологиялык түзүлүшү аныкталган. Ага ылайык, таштандылардын 21% полимер калдыктары түзөт.

Полимер материалдарынан жасалган таңгактоочу баштыктардын курамындагы заттар жаратылыштын климаттык факторунун таасиринен бузулбайт жана күйгүзүүдө айлана-чөйрөгө диоксин жана фуран сыяктуу туруктуу органикалык булгоочу заттарды бөлүп чыгарат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Полимердик материалдардан жасалган буюмдарды (баштык, кап, таңгактоочу материалдарды) калктын күнүмдүк колдонуусу үчүн өндүрүүгө жана аны сатууга мораторий киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылат. Муну менен катар кагаз баштыктарды өндүрүүнү жолго салууну жана курчап чөйрөнүн абалын жакшыртууну шарттайт.

Документтин долбоору коомдук талкууга коюлду.

Пикир

Оставить комментарий