• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өкмөт Россиядан учуп келген кыргыз медиктерине байланыштуу түшүндүрмө берди

Өкмөт 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынан ыктыярчы дарыгерлердин келиши боюнча кырдаалга байланыштуу түшүрдүрмө берди.

Билдирүүгө караганда, медицина кызматкерлерин тосуп алууга байланыштуу бардык уюштуруу иштерин Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзүп келген.

"Дарыгерлерди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров тосуп алышы керек болчу деп массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүү чындыкка дал келбейт. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мекеме жетекчилиги объективдүү себептерге байланыштуу аларды аэропорттон тосуп алууга бара албай калган. Бирок андан кийин министрликтин жетекчилиги келген медицина кызматкерлери менен жолугушту", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, күн мурун, 12-июлда атайын чартердик каттам менен коронавирус инфекциясына каршы күрөштө кесиптештерине көмөктөшүү максатында Россияда иштеген кыргызстандык 45 практик дарыгер жана медкызматкерлер учуп келген.

Пикир

Оставить комментарий