• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өкмөт салык жол-жоболорун фискалдаштыруудагы электрондук тутумдун айрым компоненттерин ишке ашыруунун мөөнөтүн жылдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында салык жол-жоболорун фискалдаштыруудагы электрондук тутумдун айрым компоненттерин ишке ашыруунун мөөнөтүн жылдыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Электрондук эсеп-фактураны милдеттүү пайдалануу компоненти боюнча долбоор 2020-жылдын 1-апрелине чейин, автоунааларга май куючу станцияларга автоматташтырылган каттоо системасын колдонуу боюнча долбоордун мөөнөтү 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартылды.

Бул чечим кыйынчылыкка туш келбей өтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, ишкерлик субъектилерин колдоо жана жогоруда айтылган компоненттер боюнча өткөөл мезгилди түзүп берүү максатында, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн көптөгөн кайрылуулары жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жумушчу жолугушууларга байланыштуу кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий