• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1,4 млн. сом бөлдү

Коом 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн резервдик фондунан Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна деп 1 млн. 462 миң 691 сом бөлдү.

Эске сала кетсек 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган. Ага эки ирет операция жасалып, андан соң Москвага дарыланууга жөнөтүлгөн.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Курманкуловдун саламаттыгы бир аз жакшырган.

Пикир

Оставить комментарий